“Кыргыз тоолору-келечектин байлыгы!”
конкурстун жобосу
Сынактын уюштуруучулары:
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министрлиги;
-
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
-
“Тоо-кен өнөр жайчылар ассоциациясы” ЮЖБ.
Сынактын максаттары жана милдеттери:
-
Тоо-кен, геология жана экология тармагындагы жаш таланттарды аныктоо жана аларды колдоо;
-
Тоо-кен тармагындагы кесиптердин статусун жогорулатуу;
-
Тоо-кен тармагына коомчулуктун кызыгуусун арттыруу;
-
Ата мекендик тоо-кен өнөр жайын жана геологияны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
-
Тоо-кендерин казып алуу тармагынын келечектеги иши үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо.
Сынакты өткөрүүнүн мөөнөтү:
-
1-этап - 2024-жылдын 15-майы: сынакты жарыялоо. Катышуу үчүн видео-табыштамаларды кабыл алуу 2024-жылдын 15-июнуна чейин улантылат;
-
2-этап - 2024-жылдын 1-10-июль күндөрү видеоконференция;
-
3-этап – 10-15-июль күндөрү жыйынтыктарды чыгаруу, облустук финалга өткөн катышуучулардын тизмесин жарыялоо.
-
4-этап - 2024-жылдын 15-30-октябрь күндөрү облустук финал.
-
5-этап - 2024-жылдын 1-15-декабрь күндөрү Гранд Финал. Жыйынтыктарды чыгаруу.
Сынакты республикалык деңгээлде уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби:
Биринчи этап – 2024-жылдын 15-майы – сынакты өткөрүү жөнүндө жарыялоо. Бул этаптын алкагында Сынак тууралуу катышуучу мүнкүн болгон адамдарга маалымдоо жүргүзүлөт. Катышуучулар YouTube сайтына сунушталган темалардын бири боюнча өздөрүнүн видео табыштамаларын (3-5 мүнөткө созулат) жайгаштырышат, андан кийин видеого шилтеме расмий сайттагы Сынакка табыштамага катталат. Сынакка катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алуу 2024-жылдын 15-июнунда аяктайт.
2024-жылдын 1-10-июль күндөрү өтө турган Сынактын экинчи этабында катышуучулардын жана калыстар тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда видеоконференция өткөрүү пландаштырылган. Иш-чаранын так мөнөтү Сынактын сайтында жарыяланат.
Үчүнчү этап 2024-жылдын 10-15-июль күндөрүнө пландаштырылган. Бул этаптын алкагында облустук финалдын катышуучуларын аныктоо үчүн видеопрезентациялардын жана видеоконференциялардын негизинде сырттан экспертиза жүргүзүлөт. Финалдар жети облуста өткөрүлөт.
Төртүнчү этап 2024-жылдын 15-30-октябрь күндөрүнө мезгилге пландаштырылган. Облустук катышуучулардын финалдары Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Ош жана Талас шаарларында өткөрүлөт. Өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө кошумча маалыматтар Сынактын сайтында жарыяланат.
Сынактын өтүүчү күнүнө карата ар бир облус боюнча биринчи, экинчи жана үчүнчү орундар ыйгарылат. Биринчи орунду алгандар Гранд Финалга катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Сынактын бешинчи этабы – Гранд Финал 2024-жылдын 1-15-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Ага облустук финалдын 7 жеңүүчүсү катышат. Финалды өткөргөн күнү биринчи, экинчи жана үчүнчү орундардын жеңүүчүлөрү аныкталат.
1. Сынактын негизги жоболору
1.1. Сынак бардык катышуучулар үчүн ачык жана ага катышуу акысыз негизде жүргүзүлөт. Сынакка катышууга орто билим берүүчү мектептерде 8-10-класстарда окуган Кыргыз Республикасынын жарандары чакырылат. Сынак кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт.
1.2. Сынакка катышуу үчүн табыштаманы (Жобонун 1-тиркемеси) толтуруп расмий сайтта сунушталган темалардын бири боюнча үч мүнөттөн беш мүнөткө чейинки видеопрезентация менен YouTube сайтына шилтемени тиркөө керек. Видео горизонталдуу, таза үн менен жана тышкаркы добуштарсыз ызы-чуусуз болуусу шарт. Катышуучулар жеке маалыматтарды иштеп чыгууга дагы макулдук бериши керек (Жобонун 2-тиркемеси).
1.3. Сынакка катышуу анын бардык эрежелерине автоматтык түрдө макулдук берүүнү, ошондой эле жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдукту билдирет.
1.4. Ар бир катышуучу сынакка бир видео презентация жана бир макет көрсөтө алат.
1.5. Калыстыктын объективдүүлүгүн камсыз кылуу жана кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо үчүн уюштуруучулардын жана калыстар тобунун мүчөлөрүнүн туугундарына сынакка катышууга тыюу салынат.
1.6. Сынактын катышуучуларынын жумуштары эксперттик топ тарабынан бааланат.
Калыстар тобунун улук мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү;
“Тоо-кен өнөр жайчыларынын ассоциациясы” ЮЖБнын өкүлдөрү;
Тоо-кен тармагынын ардактуу ишмерлери.
1.7. Калыстар тобу моралдык-этикалык ченемдерди же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган ар кандай видео табыштаманы сынакка катыштырбоо укугуна ээ. Калыстар тобунун чечими талкууланбайт.
1.8. Видео табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү - сынак жарыяланган учурдан тартып 2024-жылдын 15-июнуна чейин.
1.9. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин берилген иштер каралбайт.
1.10. Сынактын ар бир этабынын жыйынтыгы Сынактын расмий сайтында жайгаштырылып турат.
1.11. Узактыгы 3 мүнөттөн 5 мүнөткө чейинки видеолор YouTube'га горизонталдык форматта жүктөлүшү керек.
1.11.1. Ар бир катышуучу сынакка бирден видеопрезентация жиберүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
1.12. 2024-жылдын 1-10-июль күндөрү сынактын катышуучулары жана калыстар тобунун мүчөлөрү менен видеоконференция жүргүзүлөт.
1.13. Видео презентацияларды көрүү жана видеоконференцияга катышуу актагандан кийин, облустук финалга чыга турган катышуучуларды аныктоо үчүн сырттан экспертиза жүргүзүлөт.
1.13.1. Облустук финалга өтпөй калган катышуучуларга катышуу тастыктамасы берилет.
1.14. Облустук финал 2024-жылдын 15-30-октябрь күндөрү өткөрүлөт.
1.14.1. Ар бир катышуучу макет жана жазуу жүзүндөгү баяндама даярдашы керек. Макетти коргоо өзүлөрүнүн катышуусу менен чыгып сүйлөө форматында өткөрүлөт.
1.14.2. Сынактык материалдарды берүүнүн тартиби:
Сынактын катышуучулары катышуу үчүн өз иштерин жеке өзү же конкурстун уюштуруучулары менен (кыргыз тили), +996220236276 (орус тили) WhatsApp номуру аркылуу жеткирүү мөнөтү жана убактысын алдын ала макулдашып, курьердик кызмат аркылуу жеткирүүсү керек. Макеттен тышкары, автор жумушту, колдонулган материалдарды жана техникалык чечимдерди баяндаган коштомо катты кошо тиркей алат.
Сынак аяктагандан кийин эң мыкты эмгектер жалпы көрүүлөр үчүн атайын көргөзмөгө коюлат.
Сынакка төмөндөгү иштер көрсөтүлүшү мүмкүн:
Ачык тоо-кен жумуштары же жер астындагы тоо-кен иштеп чыгуу карьерлеринин моделдери
• картондон, папье-машеден, форекстен, гипсокартондон жасалган, фигуралар, моторлор топтому менен; май боек, гуашь, акварель колдонуу. Кум, майда шагыл жана башкаларды да колдонсо болот;
• модель түрүндө жасалган макет (пол, стол үстүндө);
• көп секциялуу композициялар;
• деталдары липучкалар менен бекитилген панно;
• рельеф кесиндилери менен желимдеп бекитилген картон кутулар;
• ар кандай курулуштарды даярдоо үчүн кутулар, поддондор.
Ар бир иш оригиналдуулукту жана техникалык чеберчиликти көрсөтүү менен катышуучунун чыгармачылык мамилесин жана чеберчилигин чагылдыруусу керек.
Макеттин өлчөмү A2 форматынан кем эмес (42x59,4 см) жана A0 форматынан көп эмес (84,1x118,9 см)
1.14.3. Облустук финалдын жыйынтыгы боюнча Гранд Финалдын катышуучуларын аныктоо үчүн тикелей экспертиза жүргүзүлөт. Сынактын жыйынтыгы менен бир жеңүүчү жана эки байгелүү орундар ыйгарылат. Гранд Финалга ар бир облустун жеңүүчүлөрү катышышат, баш байге үчүн жалпысынан 7 катышуучу ат салышат.
1.14.4. Жеңүүчүлөргө Гранд Финалга катышууга укук берген облустук финалдын жеңүүчүсү үчүн диплом жана кубок тапшырылат.
1.14.5. Экинчи жана үчүнчү орун ээлери дипломдор жана эстелик белектер менен сыйланышат.
1.14.6. Гранд финалга өтпөй калган катышуучуларга облустук финалга катышуу сертификаты жана кызыктыруучу белектер берилет.
1.15. Гранд Финал 2024-жылдын 1-15-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Ага облустук финалдын жеңүүчүлөрү болгон 7 катышуучу катышат.
1.15.1. Катышуучу Сынактын сайтында жарыяланып, сунушталган темалардын бирин тандап алат. Тандалган тема боюнча жазуу жүзүндө жазуу түрүндө баяндама даярдап, аны оозеки коргоосу зарыл.
1.15.2. Сынактын өтө турган күнүнө карата биринчи, экинчи жана үчүнчү орундар ыйгарылчу жеңүүчүлөр аныкталат.
2. Сынактын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү үчүн сыйлыктар жана байгелер
2.1. Облустук финалга өтпөй калган катышуучуларга катышкандыгы жөнүндө тастыктама берилет.
2.2. Облустук финалдын алкагында ар бир облус боюнча биринчи, экинчи жана үчүнчү орундар аныкталат:
I орун – Жеңүүчү – Гранд финалга катышууга укук берүүчү облустук финалдын жеңүүчүсүнүн диплому жана кубогу;
II орун – Байге ээси – ноутбук;
III орун – Байге ээси – планшет.
2.2.1. Гранд финалга өтпөй калган катышуучуларга облустук финалга катышкандыгы жөнүндө тастыктама жана кызыктыруучу белектер берилет.
2.3. Гранд Финал
I орун – Жеңүүчү – 300 000 сом,
II орун – Жеңүүчү – 200 000 сом,
III орун – Жеңүүчү – 100 000 сом.
2.4. Сынактын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери алуучу байге фондунун каражаттарынын акчалай сыйлыктардын суммасына жеке жактар үчүн киреше салыгы салынбайт.
2.5. Жободо каралган сынактын байге фондунун бардык акча каражаттарынын суммалары (3-тиркеме), уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык байге салыгынын суммасын төлөшөт.
2.6. Акчалай байге уюштуруучулар тарабынан жеңүүчүнүн жана байге ээлеринин эсебине которулат.
2.6.1. Акчалай сыйлык түрүндө киреше алган жеке жакка карата иш-чаранын уюштуруучусу салык агентинин милдетин аткарат.
2.6.2. Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн чечими боюнча Гранд Финалда сынактын бир гана Жеңүүчүсү жана эки Байге ээси тандалышы мүмкүн. Жеңүүчү – биринчи орундун жеңүүчүсү 300 000 (үч жүз миң) сом, экинчи орунду алган байге ээси 200 000 (эки жүз миң) сом жана үчүнчү орунду алган байге ээси 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө байге алат.
2.6.3. Сынактын ар бир катышуучусу Катышуучунун дипломуна ээ болот.
2.6.4. Уюштуруучулар макеттерин, фото жана видеоматериалдарды катышуучулардын эмгектери менен социалдык тармактарда, музейлерде, ошондой эле Сынакты уюштуруучулардын сайттарында ж.б. колдонуу укугун өзүнө калтырат.
3. Мелдештин техникалык маселелери
3.1. Ар бир катышуучу сынакка бир видео табыштама жана бир макет бере алат.
3.2. Сынактын катышуучулары катышуу үчүн өз иштерин жеке өзү же конкурстун уюштуруучулары менен (кыргыз тили), +996220236276 (орус тили) WhatsApp номуру аркылуу жеткирүү мөнөтү жана убактысын алдын ала макулдашып, курьердик кызмат аркылуу жеткирүүсү керек. Макеттен тышкары, автор жумушту, колдонулган материалдарды жана техникалык чечимдерди баяндаган коштомо катты кошо тиркей алат.
3.3. Сынак аяктагандан кийин сынактын мыкты иштери экспонаттоо үчүн тематикалык көргөзмөгө коюлат.
3.4. Сынакка калыстык кылууда бир тараптуулукту жана кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо максатында уюштуруучулардын жакындары катыша албайт.
3.5. Ушул Жобону кабыл алуу менен Катышуучу Уюштуруучуларга бардык тексттерге жана сүрөттөргө, макеттерге, ошондой эле сынакка өзүнүн эмгегинин катышуусу менен байланышкан интеллектуалдык ишмердүүлүктүн башка натыйжаларына толук түрдө бардык укуктарды берет.
Темаларды караңыз:
1. Тоо-кен кесиби;
2. Кыргыз Республикасынын кен чыккан жерлердин экологиялык абалын жакшыртуу;
3. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнүн түрлөрү;
4. Тоо-кен тармагы - Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн деңгээли;
5. Жаңы технологиялар, тоо-кен өнөр жайынын жасалма интеллекти.